Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 3
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Кожом-Бак » калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Кожом-Бак калктуу конушунун тургундарынын Кожом-Бак калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 14-июнунда ɵткɵрүлгɵн чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. «Кожом-Бак» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылынын Кожом-Бак калктуу
конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун
Протоколу
Савай-Арык айылы 14.06.2018-ж.
Төрага: Х.Апишев.
Катчы: М.Мусаева.
Катышкандар; Кожом-Бак калктуу конушунун тургундары-73 адам.
Күн тартиби;
«Савай-Арык айылынын Кожом-Бак калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»
Угулду: Сөзгө Савай-Арык айылынын айыл башчысы Х.Апишев чыгып ,чогулуштун катышуучуларына Кожом-Бак калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселеси учурдун талабы болуп жаткандыгын айтып,чогулуштун катышуучуларынан өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын айтуусун өтүндү.
Сөзгө Кожом-Бак калктуу конушунун тургуну Абытов Адыл чыгып төмөндөгүлөрдү айтып өттү;
«Урматтуу айылдаштар мен айыл башчынын сөзүнө кошулам,анткени биздин калктуу конуш Савай-Арык айылынан 3 км алыстыкта жайгашкан.Бүгүнкү күндө 100 кожолуктан ашык түтүн жашайт.Көпчүлүк учурда биздин калктуу конушка жакшы көңүл бурулбай кээде социалдык маселелерибиз чечилбей жатат.Айыл макамын алууга толук шарт бар.Ошондуктан мен биздин калктуу конушка айыл макамы берилишин колдойм.»
Андан кийин сөзгө чыккан айыл аксакалы Абдубалиев Абыт төмөндөгүлөргө токтолду;
«Саламатсыздарбы урматтуу Кожом-Бак калктуу конушунун тургундары мен Абытов Адылдын сөзүнө кошуламын.Азыркы учурда биздин калктуу конушка бала бакча куруу учурдун талабы.өзүбүздүн Кожом-Бакта ФАП курулса өтө мыкты болмок. Кожом-Бак калктуу конушуна өзүнчө айыл макамы берилсе ушул маселелер чечилмек. Ошондуктан баарыңыздарды бул маселени колдоого чакырам.»
Андан кийин сөзгө чыгышкан Обидов Абдывахаб, Жумабаева Анар, Исмаилов Кадыр, Юлдашев Абдымомундар жана башкалар Абдибалиев Абыт,Абытов Адылдын сөздөрүн колдошорун билдиришти жана өздөрүнүн атынан Кожом-Бак калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселесин чечип берүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айылдык кеңештен суранышаарын билдиришти.
Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Савай-Арык айылынын Кожом-Бак калктуу конушун Кожом-Бак айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
2.Кожом-Бак калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы: Х.Апишев.
Чогулуштун катчысы: М.Мусаева.