Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26 июну № 4
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Казак» калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Казак калктуу конушунун тургундарынын Казак калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 20-июнунда ɵткɵрүлгɵн чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. «Казак» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кыш-Абад айылынын Казак калктуу конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун
Протоколу
Кыш-Абад айылы 20.06. 2018-ж
Чогулуштун төрагасы: Артыков Абдыманап
Чогулуштун катчысы: Асамидинов Бакыт
Катышкандар: Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушунун тургундары -51 адам
Күн тартиби:
«Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»
Угулду:
Кыш-Абад айылынын айыл башчысы Исматов Расул
«Өткөн кылымдын 20-30 жылдары ,ачарчылык мезгилинде Казахстандан казактар ооп келип ушул жерде жашап калышкан экен.Кийинчерээк, заман оңолгондо казактар көчүп кетишип «Казак» калктуу конушу деп аталып кала берген.
Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушунун эли өз алдынча макамга ээ болбогондуктан эл каттоодо, каттоого турууда жана каттоодон чыгууда , шайлоолордо ж,б иштерде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда, айылда жадагалса ФАП жок.
Азыркы учурда Казак калктуу конушунда 33 кожолук бар болуп 215 адам жашап турат.
Кожолуктун жана калктын саны СОАТЕде катталуу талаптарына жооп берет жана калктуу конуш айыл макамын алууга толук укуктуу. Ушул Казак калктуу конушуна айыл макамы берилсе инвестиция тартуу,калктуу конуштун инфраструктурасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү пайда болмок»
Сүйлөштү:
«Казак» калктуу конушунун тургуну Булашбаев Абдишүкүр:
«Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушунун тургундары Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынан биздин калктуу конушка айыл макамын берүү маселесин сессияда карап чыгып , калктуу конушубуздун аталышын өзгөртүүсүз калтырып, калктуу конушубуздун айыл макамын алуусу үчүн токтом чыгарып берүүңүздөрдү суранабыз.»
«Казак» калктуу конушунун тургуну Амиров Абдивали:
«Айыл башчыбыз Исматов Расул айткандай «Казак» калктуу конушуна айыл макамы берилсе бизге инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү пайда болмок, инфраструктуранын жакшырышына өбөлгө түзүлмөк.»
Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана
талкуулап чогулуш
Токтом кылат:
1. Кыш-Абад айылынын «Казак» калктуу конушун Казак айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Казак калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.
Төрага: А. Артыков.
Катчы: Б. Асамидинов