Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 5
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Зымырык » калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Зымырык калктуу конушунун тургундарынын Зымырык калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 12-июнунда ɵткɵрүлгɵн чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. «Зымырык» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылынын Зымырык калктуу конушунун
тургундарынын жалпы чогулушунун
Протоколу
Отуз-Адыр айылы. 12.06.2018-ж.
Төрага: Н.Жакыпов.
Катчы: Б.Сыдыков.
Катышкандар;»Зымырык» калктуу конушунун тургундары-153 адам
Күн тартиби:
«Отуз-Адыр айылынын «Зымырык» калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө».
Угулду:Сөзгө Отуз-Адыр айылынын айыл башчысы Н.Жакыпов чыгып жыйындын катышуучуларына Зымырык калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселеси учурдун талабы болуп жаткандыгын айтып жыйындын катышуучуларынан өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын айтуусун өтүндү.
Сөзгө чыккан Зымырык калктуу конушунун тургуну Эргешов Гулам аксакал чыгып төмөндөгүлөргө токтолду;
Мен айыл башчы Н.Жакыповдун айткандарына кошулам. Анткени биздин калктуу конушубуз Отуз-Адыр айылынан 1 чакырым алыста жайгашкан. Көпчүлүк учурда биздин калктуу конушка жакшы көңүл бурулбай кээде зарыл социалдык маселебиз чечилбей калат. Чечүүнү талап кылган маеселелер көп. Мисалы: Таза суу, жол, электр чубалгыларын алып келүү .Бүгүнкү күндө биздин калктуу конушта 250дөн ашуун кожолук жашайт. Айыл макамын алууга толук шарт бар. Ошондуктан мен биздин калктуу конушка «Зымырык» айылы деп өзүнчө айыл макамы берилүүсүн колдоймун.
Андан кийин сөзгө чыгышкан Зымырык калктуу конушунун тургундары Сыдыков Гулам, Тешебаев Абдразак, Матпазылов Кенжебай, Жээнбеков Сейиткасым жана башкалар жогорудагы чыгып сүйлөшкөн атуулдардын сунуштарын колдошоорун билдиришти жана өздөрүнүн атынан Зымырык калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселесин тездетүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айылдык кеңештен суранышаарын билдиришти.
Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылынын Зымырык калктуу конушун Зымырык айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Зымырык калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш-кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы: Н.Жакыпов
Чогулуштун катчысы: Б.Сыдыков