Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 6
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Ош-3000» калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Ош-3000 калктуу конушунун тургундарынын Ош-3000 калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 21-июнунда ɵткɵрүлгɵн чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. «Ош-3000» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылынын Ош-3000 калктуу конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун
Протоколу
Савай-Арык айылы 21.06.2018-ж
Төрага: Төрөгелдиев Камал
Катчы: Юсупова Гулчехра
Катышкандар: Савай-Арык айылынын «Ош-3000» калктуу конушунун тургундары 47-адам.
Күн тартиби:
«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылынын Ош-3000 калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»
Угулду:
Савай-Арык айылынын айыл башчысы Апишев Хурвай:
«Ош-3000 калктуу конушунда 1995-жылдары тургундарга жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып берилип эл отурукташа баштаган.
Ош-3000 калктуу конушунун эли эл каттоодо, шайлоолордо,каттоого туруу жана каттоодон чыгууда көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда,себеби алар өз калктуу конушуна катталбастан СОАТЕден каттоодон өткөн айылга катталышып келишүүдө.Азыркы күндө Ош-3000 калктуу конушунда 35тен ашуун үй-бүлө катталып 125 адамдын тегерегинде калк жашайт. Калкынын саны СОАТЕде катталууга коюлуучу талаптарга жооп берет.Ош-3000 калктуу конушу айыл макамын алууга толук укуктуу.»
Сүйлөштү:
Ош-3000 калктуу конушунун тургуну Жияналиев Рустам:
«Мен айыл башчыбыз Апишев Хурвайдын сөзүнө кошуламын.Биздин калктуу конушубузга айыл макамын берүү абдан зарыл,себеби биздин эл шайлоолордо,эл каттоодо жана башка иштерди бүтүрүүдө кыйналып келүүдө.»
Ош-3000 калктуу конушунун тургуну Шафиева Турсунай:
« Бул маселе 2010-2011 жылдары да көтөрүлүп аягына чыкпай калып кеткен,себеби калктуу конуштагы кожолуктун жана калктын саны талапка жооп бербейт дешкен. Урматтуу Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттары биздин калктуу конушка айыл макамын берүү маселесин айылдык кеңештин сессиясында карап ,токтом чыгарып берсеңиздер.»
Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Савай-Арык айылынын Ош-3000 калктуу конушун Ош-3000 айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
Ош-3000 калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын,
Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.
Төрага: Төрөгелдиев Камал
Катчы: Юсупова Гулчехра