Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры №11
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак участкасына 30 орундуу кошумча класс жана актовый зал курууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак участкасына кошумча 30 орундуу класс жана актовый зал куруга өздүк салым кошуу жөнүндө ФЭБ башчысы А.Каттабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак участкасына кошумча 30 орундуу класс жана актовый зал куруга өздүк салым 1699291 сом (бир миллион алты жүз токсон тогуз миң эки жүз токсон бир сом) бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |