Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры №1
Ак-Сай айылдык кеңешинин депуттарын мандаттарын ажыратуу жөнүндө
Ак-Сай айылдык кеңешинин Жобосуна ылайык, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын №8063 шайлоо участкасынан шайланган депутат Момунов Нурланбек Асланбекович 2017-жыл ичинде өткөрүлгөн сессияларга жүйөөсүз себептен 3 (үч) жолу катарынан катышпагандыгына, Ак-Сай айылынын №8064 шайлоо участкасынан шайланган депутат Дубанаев Бакытбек Зайнидинович жана Таш-Тумшук айылынын №8198 шайлоо участкасынан Эргешов Бакытыяр Балтабаевич Россия Федерациясына кеткендигине байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратылсын.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн депуттаттардын мандатын ажыратуу жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтмодун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чындоо, кенештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына калтырылсын.
Төрага | С. Анаров |