Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 7
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Салихов Кенеш Каримовичти Баткен районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунуштоо жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Салихов Кенеш Каримовичтин Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алуу менен Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Салихов Кенеш Каримовичти Баткен районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиясына сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | С. Анаров |