Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 1
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум айылына курулуп жаткан спорт залга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум айылына спорт зал курууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кара-Булак айыл өкмөтүнунун башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнун Бужум айылына долбоордун негизинде жаныдан курула турган спорт залдын курулушуна өздүк салым үчүн 2 157 926 сом жергиликтүү бюджеттен ,1 млн сом демөөрчүлөрдөн бардыгы болуп 3 млн 157 мин 926 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары С.Эрматовго тапшырылсын.
Кара-Булак айылдык
Кенешинин төрагасы : И.Тилеков