Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 4
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын аткарылышы жана 2018-жылга калдык болуп өткөн акча каражаттарын бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы З.Эргешованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы кирешелери 17733,3 мин сомго чыгашалары 17733,3 мин сомго, атайын эсебиндеги кирешеси 342,7 сомго чыгашасы 342,7 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кара-Булак айыл өкмөтүнун бюджетинин 2017-жылдан калдык болуп калган 1184,7 сомду,атайын эсептеги 38,5 сомду 2018-жылдын 1-кварталынын чыгаша бөлүктөрүнө кошумча смета катары бекитилсин
3. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдын 1-кварталынын аппарат бөлүгүнон конторага көмур алууга 2224- статьясына 19,1 сомду, курулган жана курула турган проектилерге өздук салым үчүн 3111- статьясына 583,5 сомду, 3112- статьясына компьютер менен камсыз кылууга 75,0 сомду орто мектептер бөлүмүнүн ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2231- статьясына 45,0 сомду,бала бакча бөлүмүн ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2231-статьясына 6,6 сомду бардыгы болуп 1184,7 сом кошумча смета катарында бекитилип берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги калдык болуп өткөн 38,5 сомду балдар бакча бөлүмүнүн ар турдуу чарбалык иштер 2222-статьясына кошумча смета катарында бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Булак айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Эрматовго тапшырылсын.
Төрага | И.Тилеков |