Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 40
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын II кварталына киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровдун 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө толуктоолорду киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына негизги эсебинде калган 4785,9 миң сом жана аппарат бөлүмүнүн атайын эсебинде калган 68,7 миң сом, бардыгы 4854,6 миң сом акча каражаты – аппарат бөлүмүнө 4785,9 миң сом жана аппарат бөлүмүнүн атайын эсебине 68,7 миң сом түзүлгөн сметанын негизинде бөлүнүп иштетилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Зикиров. |