Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 41
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринен таштанды таштоочу чуңкурларга ажыратылган жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринен таштанды таштоочу чуңкурларга ажыратылган жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериндеги таштанды таштоочу чуңкурларга ажыратылган жерлерди трансформация кылуу үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Зикиров |