Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 43
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сай айылындагы жер көчкүнүн кесепеттеринен жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сай айылындагы жер көчкүнүн кесепеттеринен жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сай айылындагы жер көчкүнүн кесепеттеринен жабыркаган жарандар 2018-жыл үчүн жер салыгынан бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Зикиров |