Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 15-декабры № 33
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Айдаров Артыкбайдын билдирүүсүн угуп жана кенири талкуулап Кыштут айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексизVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин:
- Аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар » статясынын эсебинен 200,0 миң сом;
- Библиотека бөлүмүнө каралган 2211 «Өлкө ичиндеги иш-сапарынын чыгымдары» статясынын эсебинен 15,0 миң сом;
- Клуб бөлүмүнө каралган 2211 «Өлкө ичиндеги иш-сапарынын чыгымдары» статясынын эсебинен 12,0миң сом.
- Орто мектептер бөлүмүнө каралган 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар » статясынын эсебинен 20,0 миң сом;
Жалпы бардык бөлүмдөр боюнча 247,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн жетишпеген статяларына которулсун:
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин IV кварталынын сметасынын аппараттык башкаруу бөлүмүнүн 3112 «3112 машиналар жана жабдуулар» статясына 200,0миң сом жана библиотека бөлүмүнүн 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» статясына 47,0миң сом которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Закиров |