Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 11-майы № 23
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы мечиттин жанындагы 0,20 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылындагы мечиттин жанындагы 0,20 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |