Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы № 24
Трансформаторду жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айылынын борбордук мечитинин түштүк жагында жайгашкан трансформатор автоунаа токтотуучу жайдын так ортосунда жайгашкандыктан трансформаторду мечиттин аймагына жылдырууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылындагы борбордук мечиттин түштүк жагында жайгашкан трансформаторду мечиттин аймагына жылдырууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жана тиешелүү мекеме ишканалар менен макулдашуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |