Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы № 25
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин профсоюз уюмунун протоколунун негизинде Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин орус тили мугалими, Кара-Бак айылдык кенешинин IV чакырылышынын төрагасынын орун басары, Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын төрагасы жана VI чакырылышынын төрагасы болуп иштеп келе жаткан А.Каламбековду Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин орус тили мугалими, Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы Каламбеков Абдикарим Саалыевичке Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Төш белгисин, күбөлүгүн даярдоо жана акчалай сыйлык менен салтанаттуу түрдө тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |