Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы № 27
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановдун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылгы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга түзүлгөн бюджеттин сметасы боюнча даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылда каралган бюджетинин аткарылышы айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2018-жылга түзүлгөн бюджеттин сметасында чачылып көрсөтүлгөн акча каражаттары өз багыты боюнча жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Дарбишовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |