Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну № 30
Айыл башчылар жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айыл башчылары Ж.Калматов, Д.Райымов, А.Маатов, А.Исаков, С.Жапаровдордун өз айылдарында жүргүзүп жаткан иштерин угуп Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бай Кара-Бак айылына соц.обьектерди курууга жер бөлүү кадамдарын иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Чет-Кызыл айылынын айыл башчысы Д.Райымовдун 1001 жыйкан чарбасындагы 80 сотих жери такталсын.
3. Зардалы айылынын айыл башчысы А.Маатовдун жүргүзгөн иштери, отчету кңүлгө алынсын.
4. Кызыл-Бел айылынын айыл башчысы А.Исаковдун жарыктандыруу иштери жана отчету жактырылсын, жарыктандырууга кеткен электр энергиясынын лимити такталсын. Тамарка жерлердин өздүк көктөмөлөрү такталып акт менен жаңы айыл башчыга тез арада өткөрүлүп берилиши айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтү айыл башчыларды баалоодо тийиштүү критерий түзүп, баалап, өзгөчөлүктөрүн кемчиликтерин жылдык отчетуна кошуп даярдасын.
6. Айыл башчылар өз айылына инвестиция тартуу боюнча катуу иштештери пландуу түрдө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Мапаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |