Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 32
Баткен райондук прокуратурасынын сунушун кароо жөнүндө
Баткен райондук прокуратурасынын 11.05.2018-ж №11/490-18 сандуу ченемдик укутук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушун кароо максатында Кара-Бак айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын талаптарынын бузулушуна мындан ары жол берилбесин.
2. Баткен облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актыларды Мамлекеттик реестрине көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ченемдик укуктук актыларды өз мөөнөтүндө каттоого байланыштуу финансы маселелерин чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы А.Айдаров жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |