Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 33
Жердин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы Баткен шаарынын тургуну У.Калиловго таандык болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги кысыр аңыз жерлер түрүндөгү 9,8 га жер аянтынын ичинен 5,0 га жер аянтын “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын Түндүк тарабындагы Калилов Уланбек Исламбековичтин жеке менчигине тиешелүү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 9,8 га кысыр аңыз жер аянтын ичинен 5,0 га жер аянтын “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |