Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 34
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы курулуш астындагы 0,13 га жер аянты Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын берген маалыматы боюнча эч кимдин укугуна катталбагандыктан Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы 0,13 га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |