Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 37
Жайыт комитетине келген атайын техниканын иштөө тарифин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техниканын иштөө келишимин түзүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу келген атайын техникасын иштетүү келишимин иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө жана жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлсүн.
2. Иштөө мөөнөтү 1саатына 2000 (эки миң) сом эсебинде бекитилсин.
3. Түшкөн акча каражаты жайыт мыйзамынын жана бюджет кодексинин негизинде иштелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |