Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № 19/5
Кочкор айылынын жашоочусу Осмонбекова Марияны Кочкор районунун ардактуу атуулу наамына сунуш кылуу жөнүндө
Кочкор айылынын жашоочусу Кочкор айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун мүчөсү Осмонбекова Мария көп жылдар бою мектепте мугалим болуп иштеген, «Эл агартуунун отличниги», «Каармандык медалы, Соцсоревнованиясы жеңичүүсү медалдары, бир нече жолу Республикалык, облустук, райондук ардак грамоталары менен сыйланган.Учурда ардактуу эс алууда ага карабастан 1-кварталдын квартал башчысы болуп 2001-жылдан бери иш жүргүзүп келет. «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын жашоочусу Кочкор айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун мүчөсү Осмонбекова Марияга Кочкор районунун Ардактуу атуулу наамын берүү жагы Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынына сунуш кылынсын
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |