Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № 19/6
Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бейшеналиев Кубанычбек Муканбетовичке, Ибраев Таалайбек Өмүкеевичке, Кыдыралиев Улан Капаровичке, Шүкүров Качкынга, Султангазиев Рысбек Муктаровичке, Абдырахманова Гүлжамыйлага, Зарлыкова Жумаканга, Байчороева Асанбүбү Султановнага, Шаршеев Асанаалыга, Кадыркулов Бейшенбекке, Чынасылов Улан Аскербековичке, Ибинов Нурдан Кубановичке, Сапаев Адамбекке,Сулайманов Казак Сулаймановичке, Мамытсаева Сагынбүбү Кубановнага, Исмаилова Уулбалага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүктөрүн берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |