Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № 19/7
К.Кыдыралиев атындагы орто мектебине жана И.Арабаев орто мектебине чарбалык муктаждыктарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
К.Кыдыралиев атындагы орто мектептин суу айлантуучу насостору иштен чыгып калуу коркунучунда турат. И.Арабаев атындагы орто мектептин «E» блогунун классынан өрт чыккандыктан системасы жараксыз абалга келген. Мектеп админстрацияларынын катын карап, «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмтүнүн акча каражаты жетишсиз болгондуктан К.Кыдыралиев атындагы орто мектебине насос алууга 33515 ( отуз үч миң беш жүз он беш) сом, И.Арабаев атындагы орто мектебине өрт чыккан «Е» блогунун жылытуу системасын оңдотуу үчүн 66485 (алтымыш алты миң төрт жүз сексен беш) сом акча каражаты 2018-жылы бөлүнө турганы эске алынсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |