Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 21\3
Кочкор районунун Кочкор айылдык аймагынын 2018-2021-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жол картасын бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Большевик айылында жашоочулардын 2018-жылдын 26-январында өткөрүлгөн чогулушунун № 1 протоколун карап, талкуулап айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36-беренесине ылайык кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын 2018-2021-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жол картасы бекитилсин.
2. Кочкор айыл аймагынын 2018-2021 жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышын жол картасын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |