Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 21\7
Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс долбоору жөнүндө
Элдин үнү жана «жергиликтүү өз алдынча башкаруу» органдарынын жоопкерчилиги «бюджеттик процесс» доолборуна Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө кошуу үчүн түзүлүп жаткан проектини карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 16-январында өткөн элдик жыйын тарабынан Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө кошуу маселеси артыкчылыктуу деп эсептелгендиктен, ушул көйгөй артыкчылыктуу деп бекитилсин.
2. Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө кошуу үчүн өздүк салымга 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн жана эмгек жамаатынан 10,0 (он миң) сом өлчөмүндө эмгек салымы бекитилсин.
3. Аталган долбоор ишке ашуусуна көзөмөл жүргүзүү жагы Наристе-И бала бакчасынын башчысы Токторбаева Ишенгүлгө милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |