Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 21\10
Кочкор айыл өкмөтүнүн бош калган каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кочкор айыл өкмөтүнүн бош калган каражаттарын бөлүштүрүү боюнча сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу»жөнүндө Кыргыз республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн 2018 жылдын 1-январына карата 6180,1 (алты милион жүз сексен миң бир жуз ) сом бош калган каражаты төмөндөгүдөй тармактарга бөлүштүрүлсүн:
№ | Башкаруу аппараты | сумма |
1 | Кочкор-Тазалык муниципалдык ишканасына 2017-жылга карыз | 893,3 |
2 | Көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн эл.энергия мурдагы карыз | 880,0 |
3 | Көчөлөрдү жарыктандыруусуна алынуучу тех.условиялар үчүн карыз | 300,3 |
4 | Вокко жоопкерчилиги чектелген коомуна светофорду ремонт кылганы үчүн карыз | 25,0 |
5 | Кочкор айылынын борбордук бөлүгүн асфальттоо боюнча 2017жылга карыз | 35,1 |
6 | Көмүргө мурунку карыз 37тонна*2050сом | 75,9 |
7 | Асель бала бакчасынын крышасын ремонт кылуу боюнча магазинге карыз | 15,1 |
8 | Соттун чечимине ылайык Таза суу боюнча 2016 жылы алынган кредиттин калдыгын төлөө | 14,3 |
8 | Архитектуралык проектилер учун | 750,0 |
9 | Көчөлөргө жарыктандырууларды орнотуу учун | 400,0 |
10 | Исакеев айылына парк уюштуруу үчүн жерди ыңгайлаштыруу | 500,0 |
11 | Көчөлөргө кум, шагыл төгүү учун | 491,0 |
12 | Өлүк өртөчүү жай (крематорий) куруу учун | 250,0 |
13 | Балдарды ташуу учун | 550,0 |
14 | Полигондун арендасы учун | 1000,0 |
| БАРДЫГЫ | 6180,1 |
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |