Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 21\13
Муниципалдык жер аянтын ижарага бөлүп берүү жөнүндө
Теңдик айылынын Ала-Тоо көчөсүндөгү №13 турак жайынын тургуну Оморов Нурбек Эркинбекович Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык «Сейил» гүл бакчасынан 0,20 га 2000 (эки миң) чарчы метр муниципалдык жер аянтын ижарага сураган, кайрылуусун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик айылынын Ала-Тоо көчөсүнүн №13 турак жайынын тургуну Оморов Нурбек Эркинбековичке Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык «Сейил» гүл бакчасына жеңил курулма куруп балдар ойноочу, батуд жана башка нерселерди коюуга 0,20 га 2000 (эки миң) чарчы метр жер аянтын ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерин тактап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571- токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде ижарага берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |