Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 22\3
Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чейрек кылым жетекчилик кылган Кыргыз Эл баатыры, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Усубалиев Турдакундун 100 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде өтүшү керек.Чыгып сүйлөгөн депутаттардын сөзүн угуп, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Эл баатыры Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин Республикалык деңгээлде өткөрүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын.
2. Бишкек шаарынын «1-май» районуна Т.Усубалиевдин ысымын ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын.
3. Кочкор районунун Т.Усубалиевдин атындагы району деп которууга сунуш берилсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынан суралсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |