Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 22\4
Кочкор айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти 2018-жылдын 15-февралында кол койгон «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кочкор айылдык кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.9. пунктуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин.
2. «Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет» деген сүйлөм толуктоо иретинде киргизилсин.
3. 2-главанын «2.2.» саны «2.3.» деген санга алмаштырылсын. 2.2. пункуту менен «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттүү деп эсептелет» деген сүйлөм толуктоо иретинде киргизилсин.
4. Регламентке өзгөртүү киргизүүсүн көзөмөлгө алуу жагы укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Базаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |