Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 22/6
Кой-Таш участкасынын жайыт жерди калктуу конуштун жерлери категориясына трансформациялоого сунуш кылуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагында Кочкор,Теңдик, Большевик айылдарныда жашаган жашоочулардан жекече туак-жай курууга жер алуучулардын кезегинде 4500 адам турат. 1997-жылдан бери жекече турак-жай курууга жерлер трансформация болгон эмес. Айылга жакын жерлер айдоо болгондутан жана сугат айдоо жерлерин трансформациялоого мароторий жаряылангандыгын эске алып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Кургак Үкөк кыштоосунун Теңдик, Большевик айылынын Кой Таш участкасынан 300 (үч жүз) гектар жайыт жерин калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунуш кылынсын.
2. Бул чечимди бекитип берүү жана трансформациялоого документ даярдоо үчүн комиссия түзүп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |