Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 22\7
Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго курулган эстелик жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго курулган эстелик учурда куруулучу спорт комплексинин артында калып, көрүнбөй калат.
Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго курулган эстеликти көчө жок тарапка көчүрүү жөнүндөгү Теңдик шайлоо округунан депутат Акимканов Урматтын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренсине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгондорго курулган эстеликти азыркы ордунан көчүрүп кичи футбол аянтчасынын түндүк тарабына орнотулсун.
2. Эстеликти көчүрүүгө жана реставрациялоого акча каражатын карап берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына сунушталсын.
3. Эстеликти көчүрүп, орнотуу иштерин жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |