Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 22\8
Бак кыркууга уруксаат берүү жөнүндө
Кочкор аймактык ооруканасынын 13-февраль 2018-жылдагы №48-катын карап жана Теңдик шайлоо округунан депутат Акимканов Урматтын сунушун угуп, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор аймактык ооруканасынын аймагында эскилиги жетип, электр зым-чубалгыларына жана имараттарына, тосмолоруна өтө коркунуч келтирип жаткан
30 (отуз) теректи, Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго курулган эстеликтин түндүк батыш тарабындагы 1 (бир) түп кара бакты кыюуга уруксаат берилсин.
2. Бактарды кыюу Нарын облустук айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын адистери макулдук бергенден кийин кыйылсын.
3. Бактардын кыйылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |