Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 23\2
Кочкор айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн артыруу.Жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаттарын жакшыртуу максатында, Кочкор айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө USAIDтин «Ийгиликтүү Аймак» долбоорунун жумушчу төрагасы Балкыбеков Тилек Кочкор айыл аймагындагы муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясы боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагындагы муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаңы Кочкор айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |