Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 25\ 3
Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар биикмесине өткөрүп берүү боюнча типтүү келишимди карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтү менен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда түзүлгөн 2018-жылдын 2-апрелиндеги «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү» жөнүндөгү эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Жайыттардын түрүн, жайыт участокторунун жайгашкан ордуларын, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр,купкаларды тактоо, жайыт инфраструктурасынын обьектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актыларын түзүү Теңдик, Большевик айылдарынын айыл башчылары Ж.Кенжекожоевге, М.Таласовго жана Жайыт комитетинин төрагасы А.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына ылайык аткарылышын, ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |