Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 25\4
Кочкор айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын чогулуштарынын токтомдорун жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын чогулуштарынын токтомдорун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү жайыт билетинин эсебинен чогултулган каражат 450,0 (төрт жүз элүү миң) суммага бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин чыгымдар бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Башкаруу аппараты
Жайыт салыгы-138231сом
НсП-22950сом 3%10%,ичинде
Эмгек акы үчүн-105000 сом
Анын ичинен төрага-47687 сом, эсепчи-47687сом, инспектор-47689 сом
Соц.фондго чегерүү- 17,25% ,10 %, ичинде 28613
Коммандировкалык чыгым-15000сом
Канцелярдык буюм-8000 сом
Транспорт чыгымы-25000 сом
Кабинет оңдоого-4000сом
Ар кандай чыгым-20000 сом
Жайыт жакшыртуу-83206 сом
Анын ичинен: жол оңдоого-46684сом, бел ачууга-10000 сом,мониторинг жүргүзүү-26522 сом
Баардыгы-450000
3. Жалпы ички жайыттар жана Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнүндөгү жайыттар жай мезгилинде (июль айынан баштап октябрь айына чейин) жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныгууга калтырылсын.
4. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасы Осмоналиев Алымбек Медетовичке, эсепчиси Мусаев Алибек Төлөгөновичке милдеттендирилсин.
Малчынын эмгек ,жайыт, койду кыркуу акылары, корука кирген мал үчүн салынуучу айыптардын өлчөмдөрүнүн тарифтери:
1.Малчынын эмгек акысы:
Бир баш бодого -250 сом
Бир баш кой эчкиге -35 сом
Эскертүү:Малдын ээлери жайыт акыны өздөрү төлөп беришет:
2.Жайыт акылары:
Алыска жайыт үчүн:
Бир баш бодого шарттуу саны 1 -60 (алтымыш) сом
Бир баш жаш бодого шарттуу саны 0,7 -42 (кырк эки) сом
Бир баш кой эчкиге шарттуу саны 0,2 -12 (он эки) сом
Бир баш топозго шарттуу саны 2 -120 (жүз жыйырма) сом
3.Койду кыркуу акысы:
Бир баш койго -35 сом
Жакынкы жайыт пайдалануучулар үчүн Теңдик, Большевик айылдары боюнча 2,5 эсе алынат.
Эскертүү: Башка айыл өкмөттөрдүн жашоочуларынын (каттоосу башка айыл өкмөтүндөгү) малдарына жана малдарын толук каттатпагандарга жайыт акы 2,5 эсе төлөнөт.
Малдарын эгинге, айдоо аянттарына, чөпкө жайыттарды которуштуруп пайдаланууга калтырылган жерлерге киргизип же жайлоодон эрте түшүп тартипти бузгандарга салынуучу айыптардын өлчөмдөрү:
Айыптардын өлчөмдөрү ар бир малдын башына:
Бодого биринчи жолу -1000 (миң) сом
Бодого экинчи жолу -1500 (бир миң беш жүз) сом
Бодого үчүнчү жолу -2000 (эки миң) сом
Кой, эчкиге биринчи жолу -100 (жүз) сом
Кой, эчкиге экинчи жолу - 200 (эки жүз) сом
Кой, эчкиге үчүнчү жолу -300 (үч жүз) сом
Эскертүү: Мындан сырткары келтирилген чыгымдын орду (кароосуз калтырып, карышкырга жедирип жоготуп, өлтүрүп салса) толугу менен зыян тарткан тарапка малдын ээсинен же күнөөлү тараптан толук өндүрүлүп берилет.
Жайыт комитетинин талабын аткарбай алыскы жайыттарга көчпөсө, жайлоодон эрте түшсө жана жайыт акысы менен мурунку жылдар үчүн эсептешпей, жайыт билетин узартпай кетсе жайыт берилбейт жана 15000 сомдон 25000 сомго чейинки админстративдик айып салынат.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |