Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 25\5
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу авто унаа токтоочу жайлардан иштеген Б.Саржанова жана Г.Бердибекова менен келишим түзүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагында жайгашкан С.Орозбаков жана И.Өмүров көчөлөрүндө жайгашкан авто унаа токтоочу жайларда иштеген Б.Саржанова жана Г.Бердибекова менен 2018-жылга келишим түзүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисинин милдеттин убактылуу аткаруучу Н.Токтогожоеванын кайрылуусун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагында жайгашкан С.Орозбаков жана И.Өмүров көчөлөрүндө жайгашкан авто унаа токтоочу жайларда иштеген Б.Саржанова жана Г.Бердибекова менен 2018-жылга келишим түзүлсүн.
2. Келишим түзүп мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |