Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 25\7
Бөлүнгөн акча каражаттарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн бөлүнгөн акча каражаттарын муктаждыкка жараша кайра багытын өзгөртүп бөлүштүрүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өлүк өрттөөчү жай (кремоторий куруу) үчүн (ст.2215) апараттан каралган 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражатынын багытын өзгөртүп 6,8 (алты миң сегиз жүз) сом акча каражаты Большевик айылынын ички каналдарын оңдоого (ст.2215), 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты Кургак Үкөк жаздоо-күздөөсүн суу менен камсыз кылууга (ст.2215), 10,0 (он миң) сом акча каражаты Теңдик айылынын клубуна көз карандысыз экспертке(ст.2215), 203,2 (эки жүз үч миң эки жүз) сом акча каражаты Кочкор айыл өкмөтүнө кызматтык автомашина сатып алууга (ст.3112) өзгөртүлүп берилсин.
2. Проектилерге өздүк салым үчүн (ст.2215) каралган 264,9 (эки жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом акча каражатынын ичинен 6,0 (алты миң) сом акча каражаты Теңдик айылындагы С.Орозбак көчөсү менен Чоң-Булак көчөсүнүн кесилишиндеги дренажды тазалоого (ст.2215) , 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты Калыгул Бай уулу мектебине ысык тамак киргизилгендигине байланыштуу ашканасына инвентарь сатып алууга (ст.2221 1100), Көчөлөргө кум шагыл төгүү үчүн (ст.2215) каралган 491,0 (төрт жүз токсон бир миң) сом акча каражатынын ичинен 10,0 (он миң) сом акча каражатын Шаттык атуу шайыр апаларга Ош шаарында өтүүчү Энелер күнүнө карата жыйынтыктоочу гала концертке барып катышууга (ст.2215) бөлүнүп берилсин.
3. Сметага өзгөртүү киргизип берүү Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Акча каражатын багытын өзгөртүп, которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |