Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы № 26\3
Кочкор райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасына трансфарматор коюуга каралган акча каражаты жөнүндө
Кочкор райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасына трансформатор коюуга каралган 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын багытын өзгөртүп кайра которуштуру маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасына трансформатор коюуга каралган 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын (ст.2215) багытын өзгөртүп, Кочкор айыл өкмөтүнө кызматтык автомашина алууга 150,0 (жүз элүү миң) сом акча каражаты (ст.3112) , ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган энеден төрөлгөн баланын тамак ашына 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты (ст.2215), Кочкор аймактык ооруканасын асфальттоого мурда которулган акча жетпей калгандыгына байланыштуу 10,3 (он миң үч жүз) сом акча каражаты, Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгондорго курулган эстеликти азыркы ордунан көчүрүп кичи футбол аянтчасынын түндүк тарабына орноттууга смета чийидирүүгө 19,7 (он тогуз миң жети жүз он беш) сом акча каражыты (ст.2215) багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук башкармалыгынан суралсын.
3. Акча каражатын багытын өзгөртүп,которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |