Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы №26\7
Бишкек-Торугарт авто трассасына жол чырак коюу жөнүндө
Бишкек-Торугарт авто трассасынын Большевик айылына кетүүчү жол менен кесилишкен жеринде жол кырсыктары көп катталып адам өмөрүн алып кетип жаткандыктан жол кыймылынын коопсуздугу үчүн жол чырак коюу маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек-Торугарт авто трассасынын Большевик айылына кетүүчү жол менен кесилишкен жерине жол чырак коюп, орнотуу тийиштүү органдарга сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |