Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 27\2
Өнүктүрүү саясат институтунан утуп алган акча каражаты жөнүндө
«Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун конкурсуна катышып, 1 000 000 (бир милион) сом акча каражатын утуп алганын жана ал акчага Большевик айылындагы Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө салууга, жергиликтүү бюджетке кириштөө жана чыгыштоо жөнүндө билдирүү жасалды. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү саясат институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунан утуп алган
1 000 000 (бир милион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетке 14411100 статьясына кириштелсин.
2. Өнүктүрүү саясат институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунан утуп алган 1000 000 (бир милион) сом акча каражатыБольшевик айылындагы Наристе-И бала бакчасына кошумча бөлмө салууга 3111 статьясына чыгышталсын.
3. Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Токтогожоевага- финасылык иштерди жүргүзүү жана өздүк салым үчүн кошумча жүз миң сом акча каражатын которуу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |