Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 27\3
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет экономика жана салык,жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Б.Абакиров Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыктан комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айлдык кеңешинин бюджет экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы өзгөртүлсүн.
2. Комиссиянын мүчөсү Аситов Алмасбек Төлөкович комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.
3. Солтонкулов Тынарбек - №4133 Кочкор шайлоо округунан депутат комиссиянын курамына мүчөсү болуп дайындалсын.
4. Регламентке жана өздөрүнүн иш планына ылайык иш алып баруу туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |