Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 9
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2016-жылга акы толоо өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде , ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин торагасы Г.Караматовдун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2016-жылга акы төлөө өлчөмдөрү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин
V чакырылышынын кезектеги ХXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. 2016-жылга жайыт пайдалануу үчүнакы төлөө өлчөмдөрү төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-Ийри муйуздуу малга –бир баш үчүн- 100 сом
-Музоо бир баш үчүн- 50 сом
-Кой-эчкилер үчүн- 20 сом
-Козу,улактар үчүн- 10 сом
-жылкылар бир баш үчүн- 120 сом
-башка айыл өкмөтүнөн келген малдарга бир баш үчүн- 2 эсе 10 күндөн ашкандан кийин мыйзам негизинде толугу менен төлөнсүн.
-Жайытка кочуп чыккан бир үй-бүлөгө тутун акчасы.кургаган отунга бир кубка- 500 сом.
-Жайыт акысы өз убагында төлөнбөсө токтомдун негизинде ийри муйуздуу малдын ар бир башына 100 сомдон,ал эми майда малдын ар бир башына 20 сомдон айып пул салынсын..
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 2-пункутту Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.
4. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине 2016-жылга жайыт пайдалануу үчүн төлөнуучу акыны өз учурунда жыйнап,аны максаттуу жана мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К Маркаев |