Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну №28\4
Кочкор айыл аймагынын ичүүчү таза суу үчүн төлөмдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировдун маалыматын угуп жана талкуулап, ичүүчү таза-суунун нарктарын (тарифтерин) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакиров Кочкор айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн төлөмдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
2. Большевик айылында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркын (тарифи) сырттан калонкадан ичкендерге ар бир жанга бир айга 10 (он) сом, короодон алгандарга 15 (он беш) сом, ал эми мончосу барларга 18 (он сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Теңдик айылында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркын (тарифи) сырттан калонкадан ичкендерге ар бир жанга бир айга 20 (жыйырма) сом, короодон алгандарга 30 (отуз) сом, үйдүн ичинен чыгарып алгандарга ар бир түтүнгө 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |