Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну №28\5
Архитектуралык проект үчүн каралган акча каражаты жөнүндө
Архитектуралык проект үчүн каралган 750,0 (жети жүз элүү миң) сом акча каражатынын багытын өзгөртүп муктаждыктарга жараша бөлүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Архитектуралык проект үчүн каралган 750,0 (жети жүз элүү миң) сом (ст.2215) акча каражатынын ичинен Авест Групп боюнча соттун чечими менен быйылкы жылга 200,0 (эки жүз миң) сом (ст.2215), автомашиналар токтоочу жайга жол белгилерин коюуга 10,0 (он миң) сом (ст.2215) Кочкор райондук нотариалдык кеңсесине инвентарь жана компьютер алууга 70,0 (жетимиш миң) сом (ст.2222), Беш Терек көчөсүндөгү көпүрөлөрдү тазалоого 15,0 (он беш миң) сом (ст.2215), И.Өмүров көчөсүнө прожектордун тех.условиясына 12,0 (он эки миң) сом, И.Өмүров көчөсүнө прожектор орнотууга 10,0 (он миң) сом (ст.2215), жайлоо бала бакчасына 2016-жылдагы карыз 36,0 (отуз алты миң) сом (ст.2215), Көчөгө көпүрө (труба) алууга 120,0 (жүз жыйырма миң) сом (ст.3111), ИСКАКБ Теңдик-Мырза таза суунун быйылкы жылдын ремонтуна 50,0 (элүү миң) сом (ст.2215), Көчмөндөр оюнуна 25,0 (жыйырма беш миң) сом (ст.2215), аппаратка ар кандай чыгымга 30,0 (отуз миң) сом (ст.2215), Теңдик айылындагы көпүрөлөрдү тазалоого 30,0 (отуз миң) сом (ст.2215),Калыгул Бай уулу орто мектебине ар кандай чыгымына 10,0 (он миң) сом (ст.2215) акча каражаттарынын багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Көчөлөрдү жарыктандырууга каралган 400,0 (төрт жүз миң) сом (ст.2215) акча каражатынын ичинен көчөгө видеокөзөмөл коюуга 60,0 (алтымыш миң) сом (ст.3112) акча каражаты багыты өзгөртүлүп берилсин.
3. Кочкор айылдык кеңешке ГСМге каралган 40,0 (кырк миң) сом (ст.2214) акча каражатынын ичинен 20,0 (жыйырма миң) сом (ст.2215) акча каражаты артактуу атуул төш белгисин жасатууга багыты өзгөртүлүп берилсин.
4. Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет,экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |