Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу №30\2
Большевик айылындагы Наристе-И бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылынын «Наристе-И» бала бакчасынын башчысы Токторбаева Ишенбүбүнүн үчүнчү тайпа ачуу жөнүндө кайрылуусун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылынын «Наристе-И» бала бакчасына үчүнчү тайпа ачылсын.
2. Ачылган кошумча тайпанын тийиштүү документтерин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн бүткөрүү «Наристе-И» бала бакчысынын башчысы И.Токторбаевага тапшырылсын.
3. «Наристе-И» бала бакчасына үчүнчү тайпа ачууга айлык маяналарын 2018-жылдын сентябрь айынан кийрип чечип берүү жагы Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
4. Кошумча тайпанын тарбиялануучуларынын тамак-ашын чечип берүү жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |