Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу №30\3
Административдик комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө
Админстративдик комиссия түзүү жөнүндө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында администрациялык комиссия түзүү жөнүндө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Сүйүналиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн администрациялык комиссиясынын жобосу бекитилсин.
3. Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу, администрациялык комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүү Кочкор айыл өкмөтүнүн администрациялык комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |