Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу №30\4
Жол белгилерин коюу жөнүндө
Жол белгилерин коюу жөнүндө маселени карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз еспубликасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын ички жолдоруна жол белгилерин орнотуу боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Сүйүналиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор айылынын көчөлөрүнө тиешелүүлүгүнө жараша төмөндөгүдөй жол белгилерин орнотууга уруксаат берилсин:
1. С.Орозбаков – Шайымбет Ата көчөлөрүнүн кесилишине «жөө жүргүнчүлөр» жол белгиси, 2 даана,
2. И.Өмүров көчөсүнүн С.Орозбаков көчөсү менен кесилишинин түштүк-чыгыш тарабына «жүк ташуучу автоунааларга токтоого болбойт» жол белгиси, 1 даана.
3. И.Өмүров көчөсүнүн С.Орозбаков көчөсү менен кесилишинин түндүк-чыгыш тарабына «токтоого болбойт» жол белгиси, 1 даана.
4. И.Өмүров көчөсүнүн Аубакиров көчөсү менен кесилишинин чыгыш тарабына «токто» жол белгиси, 1 даана, «жөө жүргүнчүлөр» жол белгиси 1 даана. баардыгы 6 даана.
3. Жол белгилерин орнотуу боюнча тиешелүү органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү, жол белгилерин орнотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Сүйүналиевге тапшырылсын.
4. Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагында жол белгилеринин көрсөтмөлөрүн айдоочулар тарабынан так аткарылышын көзөмөлгө алуу Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |