Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №1
Боо-Терек айыл аймагынын тургуну К.Б.Осмонбеков жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин ХХХI-чакырылышындагы ХIХ-сессиясы Боо – Терек айылдык кеңештин төрагасы Э.Бейшебаевдин айыл аймагынын тургуну Осмонбеков Канимет Бийзаковичке ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп, айылга ар кандай инвестиция тартуу менен спорт аянтчаларды жана бала-бакчаларды курууда айылга кошкон чоң салымы үчүн жана үзүрлүү эмгеги үчүн Боо – Терек айылынын “Ардактуу атуулу” деген наам берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын тургуну Осмонбеков Канимет Бийзаковичке ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп, айылга ар кандай инвестиция тартуу менен спорт аянтчаларды жана бала-бакчаларды курууда айылга кошкон чоң салымы үчүн жана үзүрлүү эмгеги үчүн Боо – Терек айылынын “Ардактуу атуулу” деген наам берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Чоюбекова айыл өкмөтүнүн “ ар кандай чыгымдар” статьясынан токтомду аткаруу үчүн керектелүүчү каражат менен камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Тойчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Э.Бейшебаев |